11:36
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Меккеге зыяратка барууга 6 миң 895 киши катталды

2018-жылдагы ажылыкка талапкерлерди серверге каттоо иши бүгүн токтотулду. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.

Ажылыкка барууга 6 миң 895 талапкер катталды. Белгилей кетсек, ажылыкка быйыл 5 миң 315 киши барат. Квотадан ашкан талапкерлер 2019-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн аймактык кезекке

турушмакчы.

Муфтияттын маалыматында, Баткен облусунан — 628, Ош облусунан −2 миң 548, Ош шаарынан −782, Жалал-Абад облусунган — 1 миң 313, Чүй облусунан — 965, Бишкек шаарынан — 447, Талас облусунан — 94, Нарын облусунан — 45 жана Ысык-Көл облусу — 73 киши катталды.

Ажылык август айына туш келет. Зыяратчыларды июль айында жөнөтүлөт. Быйыл ажылыктын баасы дагы кымбаттайт. Бул боюнча азырынча муфтият так маалымат бере элек. Өткөн жылы 2 миң 760 долларга барып келишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар