09:21
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Индиялык Сандееп Бижауат Бишкекте кокус уйдун этин жеп алуудан коркот

Сандееп Бижауаттын жеке архивинен
Фото Сандееп Бижауаттын жеке архивинен

Индиялык Сандееп Бижауат 6 жылдан бери Бишкекте жашайт. Медициналык факультетке тапшырып, терапевт адистиги боюнча диломдун ээси болгонуна карабастан өз кесиби боюнча такыр иштеген эмес. Азырынча мекенине кайтуу дагы оюнда жок. Анын айтымында, эгерде Индияга бара турган болсо анда анын ата-энеси зордоп ак халат кийгизип дарыгер кылышмак.

«Бирок, мен дарыгер болгум келбейт, жан дүйнөм музыкага жакын. Менин жакындарым музыкант болушума каршы, алардын айтымында бул олуттуу кесип эмес, Бишкекте калып калгандыгымдын себеби да ошол», - дейт ал.

Сандееп Кыргызстан анын экинчи мекени болуп калганын айтат. «Бул жакта менин көп досторум бар. Сүйлөшкөн кызым дагы мында», - деп жылмайды каарманыбыз.

Сандеептин сүйлөшкөн кызы Аурелия Франциядан келген. Алар Бишкекте жүрүп кокустан таанышып калышкан. «Биз кыз-жигит болуп сүйлөшүп баштагандан көп өтпөй Бишкекте музыкалык кафе ачууну колго алдык. Келген кардарларга индиянын тамак-ашын, француздардын виносу менен сырын беребиз. Мындан тышкары жагымдуу музыка коштоп турат. Биз иштин көзүн жаңы гана таптык», —деди Сандееп.

—Бишкек сизди эмнелери менен таң калтырды?

— Индияда Митхун Чакраборти аттуу белгилүү актер бар. Аны сиздер деле уккан болушуңуздар керек. Албетте, ал биздин өлкөдө абдан таанымал, бирок Кыргызстанда да ал ушунчалык белгилүү экенин укканымда өтө таң калгам.

-Бизде индия тасмаларынын күйөрмандары өтө көп...

-Туура айтасыз. Митхун Чакраборти «Танцор диско», «Мушкер», «Падышалык аң улоо», «Соттолуучу» сыяктуу бар канча тасмаларда ырдаган ырлары улуу муун тарабынан жакшы кабыл алынган. Санай берсем сан жетпейт. Ал 350 тасмага тартылган. Актер тууралуу Бишкектин ар бир тургуну жаш курагына карабай уккан болушу керек.  Мен бул тууралуу ата-энеме, 3 кыз бир туугандарыма айтып бергенимде, алгач алар мени апыртып жатат деп такыр ишенишкен эмес. 

Бир жолу кыргыздардын үйлөнүү үлпөт тоюнда болуп, Митхундун ырларына бийлегендерине күбө болгонмун.

Сандееп Бижауаттын жеке архивинен
Фото Сандееп Бижауаттын жеке архивинен

—Бишкек менен сиздин туулуп өскөн шаарыңыздын окшоштуктары бар бекен?

— Мен туулуп өскөн шаар чындыгында анча чоң эмес. Көлөмү боюнча Бишкектей эле. Ал жакта дагы кишилер Бишкектиктердей тез тил таап кете алышат. Айрыкча базардагы соодагерлер менен таксисттер. Мен таксиге отураарым менен айдоочулар кайдан келгенимди сурап, кызыгышат. Орус тилин анча билбесем дагы жөнөкөй тил менен жооп бергенге аракет кылам. Айрыкча Соң-Көл тууралуу айтуудан тажабайм. Ал чындыгында сыйкырдуу жай!

—Бишкекте жакшы көргөн жериңиз барбы?

— Мага Лениндин эстелиги турган эски аянт абдан жагат. Айрыкча жаз, күз мезгилдеринде эс алып басканды жактырам. Жайкысын дагы кечкурун араласа болот, күндүз абдан ысык болгондуктан ал жакка баруу мүмкүн эмес.

— Сизге улуттук ашканадан кайсы тамактар жагат? Кайсы тамакты жебейт элеңиз?

-Мен табиятымдан эле эт жебейм. Мындан улам, мен үчүн бул жакта кыйын эле болду. Улуттук ашканадан лагманды жактырам.

Сандееп Бижауаттын жеке архивинен
Фото Сандееп Бижауаттын жеке архивинен

-Сизге койдун көзүн же мээсин жегиниң деп берсе эмне кылат элеңиз? Биздин өлкөдө бул конокко болгон сый-урмат деп эсептелет.

— Жок, андай деп айтпаңыз! Мен анда дароо столдон тура качам. Мен эч кимди капа кылгым келбейт, бирок эч нерсенин көзүн жей албайм.  Сиздер билгендей, уй- Индиялыктар үчүн ыйык жаныбар.

Эң көп окулган жаңылыктар