17:10
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Нурлан Сарчаевди бычак менен жарадар кылган аялы үй камагына чыгарылды

Чүй ОИИБнын мурдагы башчысы Нурлан Сарчаевди бычак менен жарадар кылган аялы үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Нурлан Сарчаевдин аялы Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды.

Ага карата алгач козголгон бейбаштык боюнча беренеси саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү беренесине алмаштырылды.

Эске салсак, Нурлан Сарчаев жубайы экөө араздашып кетип, аялы бычак менен жарадар кылган. Кийин анын Чүй облустук ооруканада жаткандыгы маалымдалган. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума