11:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Алматыда бычак жеген көркөм муз тебүү чебери Денис Тен каза болду

Алматыда бычактан алган жараатынан улам белгилүү казак спортчусу, Азиянын чемпиону, Сочидеги кышкы олимп оюндарынын коло медалынын ээси Денис Тен каза болду.

19-июль кечинде Алматынын борбордук бөлүгүндө белгисиз эки адам Денис Тенге бычак сайып кетишкени кабарланып, ал өтө оор абалда дароо ооруканага жеткирилген.

Дарыгерлердин айтымында, операция эки саатка созулган. Бирок спортчунун негизги органдары жабыркап, үч литрге жакын кан жоготкондуктан өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Шаардык ички иштер департаментинен билдиришкендей, Денис Тенге анын автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген белгисиз эки адам кол салган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери башталып, шектүүлөр изделүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар