16:01
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өзбекстанда эки миңден ашуун алимент төлөөчүгө издөө жарыяланды

Өзбекстанда 2300 алимент төлөөчү издөөгө алынды. Бул маалыматтар парламенттин төмөнкү палатасындагы жыйын учурунда белгилүү болду.

Парламенттен билдиришкендей, 2017-жылы алимент талаптарынын аткарылбай жатышы боюнча 47 миң, 2018-жылдын биринчи чейрегинде 11 миң арыз түшкөн. Былтыр бул боюнча сотто 3700 кылмыш иши каралган. 180 киши туруктуу кирешесинин жоктугунан, алимент төлөп бере албай жатканы аныкталган.

Өзбек депутаттарынын пикиринде, үй-бүлөлүк чыр-чатактардын жана ажырашуулардын себептерине терең иликтөө жүргүзүлбөгөндүктөн, ушундай абал жаралды. Расмий маалыматтарга караганда, ажырашуулардын саны боюнча Сырдарыя облусу республикада биринчи орунга чыккан.

Иликтөөлөгө ылайык, ажырашуулардын негизги себеби жубайлар ортосундагы түшүнбөстүк, жакырчылык, үй-бүлөлүк иштерге башка кишилердин кийлигишүүсү, алкоголизм экени аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби