21:57
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргыз-өзбек чек арасындагы талашка түшкөн жер тилкелердин 85 пайызы такталды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы талашка түшкөн жер тилкелердин 85 пайызы такталган. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка караганда, тактала элек дагы 15 пайыз жер калды. Учурда бул багытта эки тараптуу сүйлөшүүлөр улантылып жатат.

Министрдин айтымында, Үңкүр-Тоо тактала элек тилкелердин катарына кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар