15:06
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Кыргызстандын чек арачылары мамлекеттик чек араны бузган жаранды жарадар кылышты

Кыргызстандын чек арачылары мамлекеттик чек араны бузган жаранды жарадар кылышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булак билдирди.

Окуя бүгүн түнү кыргыз-өзбек чек арасында, Ош облусуна караштуу Араван районунда болгон.

«Өзбекстандын бир канча жараны Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз түрдө унаалары менен кирип алышкан. Алар чек арачыны сабап салышкан. Аскер адамдары ок чыгарып, тартип бузгандардын бирин жарадар кылган», -деп билдирди өздүк булак.

Чек ара кызматы аталган маалыматты тастыктады. Билдирүүгө ылайык, өзбекстандык жаран жаракат алып, ооруканага түштү. Аталган маселе боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгонун чек ара кызматы маалымдады.

Эң көп окулган жаңылыктар
8-декабрь, жекшемби
6-декабрь, жума