04:10
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жыл башынан бери Кыргызстанга 121 мекендешибиздин сөөгү жөнөтүлгөн

Жыл башынан бери Кыргызстанга 121 мекендешибиздин сөөгү жөнөтүлгөн. Бул тууралуу маалымат жыйында ТИМдин башчысы Эрлан Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, сөөктөрү алынып келинген кыргызстандыктардын көпчүлүгү Орусияда каза болгондор.

«Алардын ар бири ар кандай себептерден улам көз жумгандар. АКШ, Бириккен Араб Эмираты, Германия, Белорусия, Корея, Египетте каза болгон жарандарыбыздын сөөктөрү алынып келинди. Казакстанда 8, Москвада 63, Новосибирскте 8, Санкт-Петербургда 7, Краноярскта 3, Екатеринбургда 9 киши каза болгон», — деди Эрлан Абдылдаев.

Эң көп окулган жаңылыктар