23:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

АКШда жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү мекенине жеткирилди

Филадельфияда (АКШ) жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү мекенине жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилиги жана кыргыз диаспорасы менен биргеликте каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча тиешелүү иштер ыкчам уюштурулган», — деп белгиледи мекеме.

Эске салсак, жол кырсыгы 3-мартта Филадельфияда (Пенсильвания штаты) болуп, анда Кыргызстандын эки жараны каза болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар