19:52
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Түркмөнстан алгачкы жолу 100 миңге жакын компьютер чыгарды

Түркмөнстан алгачкы жолу 100 миңге жакын компьютер чыгарды. Бул тууралуу биринчи жарым жылдыктын жыйынтыктарына арналган өкмөттүк жыйында айтылды.

Arzuw басылмасы билдиргендей, былтыр мартта Түркмөнстандын Өнөр жай министрлигинин, Мамлекеттик транспорт жана байланыш институтунун өкүлдөрү жана түркмөн ишкерлери Кытайда болуп, кесиптештери менен тажрыйба алмашып келишкен.

Түркмөн басылмаларында өлкөдө чыгарылган компьютерлердин техникалык мүнөздөмөлөрү, баасы жана өндүрүүчүсү тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн эмес.

Жыл башында өлкө ЖМКлары ата мекендик «Айдын гиджелер» ишканасы ноутбуктар менен планшеттерди чыгарууну пландап жатканын кабарлашкан. Бул компания буга чейин LED—чырактарды өндүрүү менен гана алектенип келген.

Эң көп окулган жаңылыктар