Жыл башынан бери кыргыз авиакомпаниялары 647 миң 690 жүргүнчүнү ташыган. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин коллегиясында белгилүү болду.
Маалыматка караганда, жарым жыл ичинде эл аралык каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн саны 8 пайызга көбөйгөн. Ал эми ички каттамдар менен жүргөн жүргүнчүлөрдүн саны былтыркыга салыштырмалуу 5 пайызга азайган.
Чет өлкөлүк авиакомпаниялар эл аралык каттамдар боюнча 699 миң 724 жүргүнчүнү ташыган.