Жыл башынан бери 54 аскер адамы кызматтык батирге ээ болушту. Бул тууралуу маалымат жыйында коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин батирдик-пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Сыргабек Жумабеков билдирди.
Маалыматка караганда, батирлер баардык категориядагы аскер адамдарына берилди. Алардын катарында пенсионерлер, азыркы тапта эмгектенип жатышкан аскер адамдары, майыптар жана аскер адамдарынын жесирлери бар.
«31-августта 12-кичи райондогу үй пайдаланууга берилет. Ага 81 аскер адамы көчүп келет. Ошто октябрь-ноябрь айларында турак жай бериле баштайт. Батирлер атайын комиссиянын чечими менен ыйгарылат», —деди Сыргабек Жумабеков.