Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыздар арасында футбол боюнча эл аралык мелдеш башталат. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдиришти.
«Надежда» аталышындагы бул мелдеш 2019-жылы өтүүчү Азия чемпиондугуна тандап алуу туруна даярдык катары өткөрүлүүдө. Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жаштар курама командалары катышат.
Спорттук иш-чара 21-июлга чейин уланат.