23:26
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Жаш жубайлар үйлөнүү үлпөт тойдун ордуна бак отургузууну чечишкен

Жаш жубайлар Залкар менен Айжамал Бишкектин көчөлөрүнүн бириндеги кесилиш аймакка 30 кайың отургузушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаш жубайлар үйлөнүү үлпөт тойдун ордуна аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белек таратып, бак отургузууну чечишкен.

«Алгач жаш жубайлар балдарды ээрчитип дүкөндөрдү кыдырышты, балдар өздөрү каалаган буюмдарын сатып алып беришти. Андан кийин Абдрахманов менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишине бак отургузушту», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар