USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Бул жылы өкмөт күзгү-кышкы маалга даярдыктарды эрте баштады

17:10, 13 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Бул жылы өкмөт күзгү-кышкы маалга даярдыктарды эрте баштады. Бул тууралуу экономика тармагын жана калкты жылуулук мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын отурумундапремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Премьер-министр билдиргендей, штабдын отуруму ай сайын өтүп турат.

«Өткөн кышта болгон окуя был жылы болбойт деген кепилдик жок. Биз жетекчилердин шалаакы мамилесинен улам ЖЭБдин иштебей калып, шаардыктар үшүгөнүн жакшы билебиз», —деп эскертти Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт 1-сентябрдан тартып калкты кышка карата даярдыктар тууралуу кабардар кылуу ниетинде.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика