09:33
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Москвада мугалимге кол салган казакстандык аспирант камакка алынды

Казакстандык дипломаттар мугалимге кол салуу иши боюнча камакка алынган Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык институтунун аспиранты, казак жараны Жаслан Кудайбергенов менен жолугуп чыгышты.

Казакстан Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров кармалган жаранга атайылап ден соолукка зыян келтирүү айыбы тагылганын билдирди.

Анын айтымында, Жаслан Кудайбергенов кеминде 30-августка чейин камакта болот. Учурда ал Москвадагы убактылуу кармоочу жайда кармалууда.

«Адвокат менен байланыш түзүлдү. Анын кармоо шарттарына эч кандай нааразылыгы жок, ден соолугу жакшы», — деп кошумчалады басма сөз катчы.

29-июнда окуу жайдын мугалими башкы имараттагы кол салуудан кийин бычактан алган жарааты менен ооруканага жеткирилген. Анда жергиликтүү басылмалар кол салган адам качып кеткенин билдиришкен. Орусиянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып, кол салган адамдын буга чейин окуу жайдан чыгарылган 1992-жылы туулган жаран экендиги аныкталганын жазган.

Эң көп окулган жаңылыктар