20:58
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы. Манасчы элин «улуу эл», «чоң кыргыз» деп тергеген

Манасчылык касиети менен кыргыздардын гана эмес калың кытай калкынын арзуусуна ээ болгон Жусуп Мамайдын көзү тирүү болгондо быйыл 100 жашка толмок. Манасчынын 100 жылдыгын утурлай Кыргызстан менен Кытайда бир катар иш-чараларды уюштуруу мерчемделүүдө.

Тургуналы Турсунаалы Жусуп Мамай тегиндин жеке архивинен
Фото Тургуналы Турсунаалы Жусуп Мамай тегиндин жеке архивинен. Жусуп Мамай чөбөрөсү менен

Кыргыз баатырынын сегизинчи урпагына чейин айткан манасчынын чөбөрөсү Тургуналы Турсунаалы Жусуп Мамай тегин учурда КУУнун Кыргыз филология факултетинде адабиятты изилдөө бөлүмү боюнча магистратурада окуп жатат. Акыркы жети жылдан бери Кыргызстанда жашаган Тургуналы бабасы тууралуу «24.kg» агенттигине учкай кеп курду.

Кытайдагы чоң кыргыз

Бабам кыргыздарды улуу эл, улуу журт деп сыпаттап, «чоң кыргыз» деп кайрылат эле. Кыргызстандагы элибиз тууралуу пикири абдан жакшы болчу. 1989-жылы Кыргызстанга алгачкы жолу келгенде аны тосуп алган жана жолуккан кишилери жөнүндө тажабай айтып берчү.

Жусуп Мамай негизи Кыргызстанды көрбөй туруп, жер-суулардын аталыштарын жана жайгашкан жерлерин айтып бере алчу. Ал анын баарын «Манас» аркылуу билген.

Кыргыздар баардык нерсени көкүрөгү менен туйган аруу, таза калк деп баалаган. Ал муну өзүнүн вариантында айткан Манас эпосу жана башка кенже эпостордо мисал кылып келтирген

Кытайда Радловдон мурда «Манасты» жыйнаган кыргыз бар

Жусуп Мамай 27 бир туугандын эң кенжеси болот.

Манасты алгачкылардан болуп изилдеген Василий Радлов деп айтып жүрөбүз, бирок, Жусуп атабыздын бир тууган эң уулу агасы Балбай ата кыргыздардын ичинен биринчилерден болуп «Манас» эпосун топтогон.

Балбай Мамай 1800-жылдардын аягынан баштап эле Манас айткандардын оозунан дастандарды жазып алган экен. Ал тургай кыргыздын каада-салт, үрп-адаттарын дагы кошо кагазга түшүргөн.

Жусуп атабыздын түпкү бабаларында манасчылар болгон эмес. Анын атасы Мамай китепти көп окуган көсөм киши болгон, дарыгер, табыпчылык менен да алектенген. Ал балдарына эрте кат тааныткан. Жусуп Мамай атабыздын кийинки чыгармачылыгына жол ачып берген да өз атасы Мамай менен улуу агасы Балбай болгон.

Эң жогорку сыйлыктарга татыган жалгыз манасчы

Жусуп Мамайдын вариантында «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененим», «Сейит», «Чигитей» деп 8 баатырдын баяны 18 томдон туруп жарык көргөн. Мындан башка «Курманбек», «Эр Төштүк», «Ажыбек баатыр», «Жаңыл Мырза», «Эр Табылды» баштаган 14 кенже эпосту жатка айткан. Анын айтуусундагы манас дастаны кытай, немец, уйгур, казак, англис тилдеринде которулган. Орусчага дагы которулуп жатканы тууралуу маалымат бар. Жапон тилинде да 1970-жылдары үзүндүлөрү которулуп жарык көргөн.

Кыргызстанда 1-2-3-даражадагы «Манас» орденин , «Кыргыз эл артисти» наамын, «Кыргыз тили» төш белгисин, Кыргыз Республикасынын баатыры жана «Акшумкар» өзгөчө белгисин алган.

Кытайда «Манас» эпосуна кысым болгон эмес

Жусуп Мамай кытайлыктар берген «Тоо гүлү» деген адабий сыйлыктын 2 жолку ээси. Андан башка «Залкар манасчы», «Улуу жомокчу» деген наам ыйгарылган. Негизи эпосту жайылтууга эч качан кысым болгон эмес. Алар тескерисинче кыргыздарга таандык «Манас» эпосун 1961-жылдан бери көтөрүп, Кытай мамлекети таанытып берди.

Тургуналы Турсунаалы Жусуп Мамай тегиндин жеке архивинен
Фото Тургуналы Турсунаалы Жусуп Мамай тегиндин жеке архивинен. Жусуп Мамай

Ага эпостун 2009-жылы Кытайдын атынан ЮНЕСКО уюмунун маданий мурастар тизмесине сунушталышы күбө.

Азыркы тапта Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунда 200 миңден ашуун кыргыз жашайт. Алар улуттук салт-санааны, үрп-адатты, тилдин нукуралуулугун сактап калышкан.

40 жашка чейин Манас айтууга тыюу салган

Тамганы тааныбай туруп манасты үйрөнгөм. Алгач атамдын варианты боюнча жаттап айтчумун. Кийин көп окуй берип, эпизоддорду эстеп калып, манас айта баштадым. Бирок, Жусуп атам 40 жашка чыкканга чейин «манас» айтпа дейт эле.

«Манас тирүү олуя, 40тан ашканда айтса маани маңызы терең чыгат», — деп айткан. Мен ушул эрежени кармансам дейм.

Тургуналы Турсунаалы Жусуп Мамай тегиндин жеке архивинен
Фото Тургуналы Турсунаалы Жусуп Мамай тегиндин жеке архивинен. Жусуп Мамай

«Атанын уулу чоң теринин бучкагы» деп сый урмат көрсөтүшүшкөн кыргыз элиме ыраазымын. Манасчынын небереси деп сын көз менен карагандар, чын дилинен маначынын урпагы деп бооруна кыскандар бар. Албетте, манасчынын небереси болуу оңой эмес, көп жоопкерчилик бар. Кыргыз маданиятын даңазалаган кишини уят кылбай, анын жолун жолдоо, эмгенин жайылтып элибизге кызмат кылуу милдетим деп билем.

Эң көп окулган жаңылыктар