15:44
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

10 жашар кыздын зордукталышы тууралуу факты экспертиза тарабынан тастыкталбады

Сокулук айылындагы 10 жашар кыздын зордукталышы тууралуу факты экспертиза тарабынан тастыкталган жок. Бул тууралуу Сокулук райондук администрациясынан билдиришти.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, 2008-жылы туулган Ф.У. 10-июлда «Жибек-Жолу» базарындагы коомдук дааратканада белгисиз жаран тарабынан сексуалдык жактан асылууга дуушар болгон.

Жабырлануучу кыз Бишкектеги соттук-медициналык экспертизадан өтүп, аны зордуктоого аракет жасалгандыгы аныкталды. Бирок, экспертизанын расмий жыйынтыгы чыга элек.

Күбөлөрдүн айтымында, жабырлануучунун апасы кызын коомдук даараткананын жанынан жылаңач абалда тапкан. Ал дароо милицияга кабар берген.

Социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, кыздын ата-энеси базарда соода кылышат. Окуя болгон күнү кыз апасынын жанында жардам берип жүргөн.

Учурда шектүү кармала элек. 

Эң көп окулган жаңылыктар