15:39
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстанда салмагы 7,2 кило бала төрөлдү

9-июлда Тажикстандын Куляб шаарында салмагы 7 кило 200 грамм ымыркай жарык дүйнөгө келди.

Куляб шаарынын төрөткана жетекчиси Халима Гадоева бала операция жолу менен төрөлгөнүн билдирди. Анын айтымында, наристенин абалы канааттандырарлык, апасы дагы операциядан кийин акырындык менен өзүнө келе баштады.

«Өз тажрыйбамда мындай баатырды биринчи жолу көрүп жатам. Бул Тажикстанда мурун болуп көрбөгөн окуя», — деди Халима Гадоева.

Ымыркайдын апасы — 30 жаштагы Тахмина Одинаева. Ал үй-бүлөдөгү бешинчи бала, калгандары дагы чоң салмакта, 4 килограммга чейин төрөлүшкөн.

Наристенин атасы Искандаршо Худойназаров аялы Тажикстанда эле эмес, дүйнөдө рекорд койду деп эсептейт.

Эң көп окулган жаңылыктар