21:35
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өлкөдө камсыздандыруу төлөмдөрү былтыркыга салыштырмалуу 14 пайызга көбөйдү

Кыргызстанда камсыздандыруу төлөмдөрү көбөйүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйында каржылык көзөмөлдөө кызматынын аткаруучу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов билдирди.

Анын айтымында, республикада 18 камсыздандыруу компаниялары иштейт. Жалпы активдер 4 миллиард сомду, ал эми жалпы жеке капитал 3,3 миллиард сомду түзөт. Бул көрсөткүч камсыздандыруунун өнүгүшүнөн кабар берет.

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 20,1 миллион сомду түздү. Былтыркы жылга салыштырмалуу 14 пайызга көбөйгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар