Бүгүнтөн тарта Бишкектеги Салиев көчөсүнүн Калининден Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган жолдо асфальт төшөлүп, жол белгилер орнотулду.
Эске салсак, 12-июлдан тартып Лермонтов менен Ауэзов көчөлөрүнүн бир бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылат.