09:40
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ашхабадда эт тартыш болууда

Ашхабад базарларында эт аз жана сапаты начар болууда. Айрым дүкөндөрдө ал такыр эле сатылган жок.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, эт дүкөндөрүнүн көбүндө анын баасы өтө кымбаттады. Маселен, уй этинин килограммы 18ден 29 манатка чейин көтөрүлдү. Түркмөнстанда расмий курс боюнча 1 доллар — 3,5 манат.

«29 манаттык эттин сапаты да канааттандырарлык эмес. Жалаң эле сөөк. Жакшысын сатып алуу үчүн сатуучу менен соодалашуу керек. Ошондо гана 35 манатка сулп эт же 40 манатка майда тууралганын сатып алса болот», — деди ашхабаддык тургундардын бири.

Ашхабаддын четиндеги ири базарда малдын ичеги-карынына болгон суроо талап өстү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума