22:24
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ошто № 1-троллейбустун каттамы убактылуу токтотулуп автобуска алмаштырылат

Ош шаарында 10-июлдан 31-августка чейин № 1-троллейбустун каттамы убактылуу токтотулуп анын ордуна автобустар каттайт. Бул тууралуу мэрия билдирет.

Маалыматка караганда, бул 10-июлдан 31-августка чейин «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому И.Раззаков көчөсүнүн жер астындагы газ түтүктөрүн жаңылоо иштерине байланыштуу убактылуу чара.

Ош шаарында 2 троллейбустук каттам бар.

«Шаардын тургундарын жана меймандарын убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз», — дейт мэрия.

Эң көп окулган жаңылыктар