«Туруктуу элдик кыймылы» күзүндө курултай өткөрөт. Бул тууралуу маалымат жыйында жарандык активист Айбек Мырза билдирди.
Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбековдун ишинин жылдыгына жакын октябрь-ноябрь айларында элдик курултай өткөрүлөт. Ага өлкөнүн аймактарынан өкүлдөр чакырылат.
«Биз анда чуулгандуу иштер, шайлоодогу жана андан кийинки убадалар боюнча президенттен сурайбыз», — деди ал.