20:56
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өзбекстанда аялдарды жылаңач чечинүүгө мажбурлаган тергөөчү камалды

Самарканд облусунун Каттакурган шаарындагы базарда акча уурдоого шектелип кармалган эки аялды жылаңач чечинтип, кордоого айыпталган тергөөчү Санат Умаров камакка алынды. Бул тууралуу Өзбекстан Башкы прокуратурасы кабарлады.

Каттакурган шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, 30 жаштагы Санат Умаров ыйгарым укуктарынан аша чабууга, кыйноо колдонууга айыпталууда.

4-июлда Өзбекстан Башкы прокуратурасы Санат Умаровго каршы кылмыш иши козголгонун билдирген.

3-июнда тергөөчү Санат Умаров баштаган топ милиция бөлүмүнө базарда акча уурдоого шектелип кармалган эки аялды алып келишкен. Андан соң аларды жылаңач чечиндирип, уурдалган акчаны издеп, кол көтөрүшүп, кемсинтишкен. Бирок эч нерсе табылбагандан кийин, аялдардын кармалгандыгы тууралуу эч кандай кагаздарды толтурбастан эле аларды коё беришкен.

Өлкө ИИМи буга чейин тергөөчү Санат Умаров терс аракеттери үчүн жумуштан алынганын билдирген. Акча уурдоого шектелип кармалган аялдардын экинчисин кордогон дагы бир милиция кызматкеринин тагдыры азырынча белгисиз.

Эң көп окулган жаңылыктар