09:03
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

20 миңден ашуун тонна пияз аткезчилик жолу менен ташылып бараткан

Баткен облустук бажы кызматынын кызматкерлери DAF үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүүгө алышты. Анда тиешелүү документтери жок 20 миңден ашуун тонна пияз, аткезчилик жолу менен ташылып баратканы аныкталды. Бул тууралуу бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жүктүн орточо баасы 166 миң 400 сомду түздү.

«Аталган товар кыргыз-тажик чек арасы аркылуу башы көзөмөлү жок ташылып бара жаткан. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин иш Баткен облусуна өткөрүлүп берилди», — деп билдиришти аталган кызматтан.

Эң көп окулган жаңылыктар