22:41
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Ош шаарынын мэри 18-июлда шайланат

Ош шаарынын мэри 18-июлда шайланат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мэрдик кызматка ат салышкан талапкерлердин жогорку билими, мамлекеттик, муниципалдык кызматта же мамлекеттик билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, уюмдарында, жеке менчик чарба жүргүзүүчү субъекттерде жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар болушу керек. Ошондой эле, мамлекеттик тилди эркин билген Кыргыз жараны шаардын мэри боло алат.

Кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар, анысы мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган, ошондой эле чет мамлекеттин жарандыгына ээ адам шаардын мэри боло албайт.

Эң көп окулган жаңылыктар