20:42
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Чүйлүктөр президенттен шайлоо алдында берген убадаларын аткарууну суранышууда

Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Бейшеке айылынын тургундары президенттен шайлоо алдында берген убадаларын аткарууну суранышууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине айылдыктар билдиришти.

Алардын айтымында, 15 жылдан бери ичүүчү таза суусу жок жашап келишет.

«Биз тамак-ашка жана кир жууганга арыктагы сууну пайдаланабыз. Балдардын көпчүлүгү боткин оорусу менен оорушат. Ар кандай мите курттарынан дарыланып да жатышат. Биз алардын келечеги үчүн кооптонуудабыз. Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо маалында айылга келип, таза суу чыгарып берем деп убада кылган», — дешет айылдыктар.

Эң көп окулган жаңылыктар