23:34
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов шаар ичин жөө кыдырып текшерүүгө алды

Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүн шаар ичин жөө кыдырып текшерүүгө алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
 

Маалым болгондой, шаар башчы негизинен көчөлөрдүн тазалыгына, мыйзамсыз курулуштар менен тротуарда жайгашкан күркөлөргө көңүл бурган. Рейддин алкагында мэр Түштүк-Чыгыш кичи районунун көчөлөрүн, Ак-Буура аймактык кеңешинин бир бөлүгүн кыдырып чыкты.

«Мэр тийиштүү кызматтын өкүлдөрүнө аялдамалардын маңдайкы бетин оңдоо жана керек болгон жерлерге жаңысын орнотуу боюнча сунуш берүүнү тапшырды. Мындан тышкары, көрнөк жарнактардын эрежелерге төп келишин көзөмөлгө алууну буйруду», — деп жазылат маалыматта.

Ош шаарында коомдук транспорт үчүн жалпысынан 127 аялдама бар. Алардын элүү тогузу заманбап, калгандары Советтер Союзу учурунда орнотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума