Жалал-Абад облустук соту 5 жашар кызды зордуктаганга шектүү жаранга карата биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды.
Соттун өкүмүндө айтылгандай, 2017-жылы 25 жаштагы мас абалындагы киши унаанын ичинде уктап жаткан наристени алып чыгып, кароосуз калган ээн үйгө алып барып зордуктаган.
Жалал-Абад шаардык соту шектүүнү 20 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, өкүмгө нааразы болгон жаран облустук сотко кайрылган.
Ал соттук отурумдун жүрүшүндө күнөөнү мойнуна алган эмес.
14-ноябрда досторум менен алкоголдук ичимдик ичкенбиз. Кечинде үйгө баратканда кичинекей кызды көрүп, таанышымдын кызы экен деп ойлодум. Анын үйүнө барсак эч ким чыкпады. Мен мас болгондуктан уктап калыптырмын. Мени 2 бала ойготкондо, кароосуз калган үйдө жатыптырмын. Ал жакка кантип барганымды билбейм, кызга да тийген эмесмин. Экспертизага жиберилген шорта меники эмес
соттолуучу