КР Улуттук илимдер академиясында окумуштуу Осмонакун Ибраимовдун «Айтматов. Империянын акыркы жазуучусу» китебинин бет ачаары өттү. Бул тууралуу УИАнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, окумуштууга жасаган эмгеги үчүн Эл аралык Түрк академиясынын «Алтын жылдыз» медалы тапшырылды. Аталган саамалык жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулду.
Иш-чарага Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали жетектеген жазуучулардын тобу, окумуштуулар, жазуучулар, коомдук ишмерлер катышты.
Эске салсак, жазуучунун 90 жылдыгына арналган саамалыктар бир нече мамлекетте өткөрүлүп жатат.