18:40
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Шашылыш билдирүү! Республиканын көпчүлүк аймактарында нөшөрлөп жаан жаайт

3-4-июль күндөрү республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кардын жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жана Ош, Баткен аймактарынын тоо этектеринде нөшөрлөп жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

3-июлда Чүй өрөөнүндө 23...28°, Талас өрөөнүндө 21...26°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 25...30°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 20...25°, тоолуу райондордо 13...18°, бийик тоолуу райондордо 3...8° жылуу болушу күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар