13:38
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Президент: Антикоррупциялык күрөшкө жамынып алып өч алууга жол берилбейт

Антикоррупциялык күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Мамлекет башчысы коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

«Антикоррупциялык күрөш эч качан саясий өңүттө болбойт, ал мыйзам бузууларга, экономикалык кылмыштуулукка каршы жүргүзүлөт», — деп баса белгиледи президент.

Сооронбай Жээнбеков жакында анын демилгеси боюнча ачылган коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн акча каражаттары үчүн атайын банк эсебине басым жасады.

Мамлекеттин, элдин ырыскысын уурдагандар эртедир-кечтир элдин ырыскысын кайтарат! Өкмөт менин сунушум менен атайын эсеп ачты. Бул эсепке Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө өндүргөн акчаны которушат

Сооронбай Жээнбеков

Эң көп окулган жаңылыктар