16:15
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Президенттен миграциялык каттоо маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кыргызстандан чегинен тышкары жактарда иштеген мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкерлик жана Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшү үчүн ыңгайлуу чөйрөнү бекемдөө боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун катышуучусу Өмүрбек Үмөталиев мекендештер миграцияны азайтууга жана региондорду өнүктүрүүгө салым кошуп жатканын белгиледи. Ал эми Россиядагы жеке ишкер Толкунбай Акматов ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү мигранттарды медициналык жактан камсыздандыруу жана пенсия төлөмдөрү боюнча маселелерди көтөрдү.

Ишкерлердин эл аралык ассоциациясынын президенти Акбар Маразыков эмгек мигранттары Кыргызстанда ачып жаткан ишканаларга салык төлөмдөрү жана фискалдык текшерүүлөр боюнча жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгүн кароо өтүнүчүн айтты. Россияда «Өлүмдөн сактап калганы үчүн» медалы менен сыйланган мекендешибиз Марат Исаев миграциялык каттоо боюнча маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Мен фонддорду, коомдук бирикмелерди уюштуруп, өз айылы, кичи мекенине жардам берген биздин мигранттарга абдан ыраазымын. Акырындап эмгек мигранттары Кыргызстандын жаңы экономикасынын реалдуу инвесторлоруна айланып баратышат. Алар өз эмгеги менен өлкөнүн экономикасына салым кошууда

Сооронбай Жээнбеков

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби