Чүй облусуна караштуу Ленин айылында белгисиз кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Чүй ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жаранга зордук-зомбулук көрсөтүлүп өлтүрүлгөнү аныкталды.
Адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду.