Парламентке президент Сооронбай Жээнбеков келди. Мамлекет башчысы Кыргызстандын элине жана депутаттарга кайрылуу жасаганы турат.
«Мамлекет башчысы саясий күчтөрдү биригүүгө чакырышы мүмкүн», — деди «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов.
Отурумда өкмөттүн баардык курамы, президенттин аппараты, сот бийлигинин өкүлдөрү жана күч түзүмдөрү чогулушкан.