10:12
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чүй ИИББнын өздүк курамына жаңы жетекчи дайындалды

Бүгүн ИИМдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметов Чүй ИИББнын өздүк курамына жаңы жетекчи, милициянын полковниги Самат Курманкуловду тааныштырды. Бул тууралуу Чүй ИИББсы билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы жетекчи Чүй ИИББнын мурунку башчысы Нурлан Сарчаевдин ордуна келди.

Кошумчалай кетсек, Самат Курманкулов 1977-жылы Бишкекте төрөлгөн. Э.Алиев атындагы КР ИИМдин Академиясын бүтүргөн. Ал буга чейин Бишкек ШИИБнын кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчиси, ыкчам иштер боюнча Бишкек ШИИБнын жетекчисинин орун басары, ШИИБнын башчысы болуп эмгектенген.

Ал эми Чүй ИИББнын мурунку башчысы, орун басарлары жана облустагы бир канча тартип сакчылары Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу кызматтан четтетилишкен. 

Эң көп окулган жаңылыктар