12:46
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Жыл башынан бери жемкорлук боюнча 60 кылмыш иши козголду

2018-жылдын башынан бери козголгон кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген чыгым 1 миллиард 669 миллион сомго бааланды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, бюджеттик каражаттарды уурдоо жана мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 миллиард 150 миллион 545 миң сомду түздү. Алардын ичинен 95 миллиондон ашыгы мамлекеттик бюджеттин пайдасына түшкөн.

Башка козголгон кылмыш иштери боюнча аныкталган чыгым 519 миллион 219 миң 937 сомду түзгөн.

Кошумчалай кетсек, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү тергөө бөлүмдөрүнүн жана башка укук коргоо органдарынын материалдары боюнча 117 кылмыш иши козголуп, анын ичинен 60 кылмыш иши коррупциялык багытта болду.

Эң көп окулган жаңылыктар