20:09
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чүйдө чек ара эрежелерин бузган 2 чет элдик жаран кармалды

Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Озерное айылынын аймагынан чек ара эрежелерин бузган 2 чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалгандар уруксаат берүүчү документтерди каттоодон өткөрүшкөн эмес. Алар Улуу Британиянын Л.К. жана Малайзиянын Р.Л. аттуу жарандары болуп чыгышты.

Эреже бузган 2 жарандын ар бирине 3 миң сомдон айып салынды.

Эң көп окулган жаңылыктар