14:23
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Кыргызстанда экстремизм жана терроризмге айыпталып 500дөн ашуун киши соттолгон

Кыргызстанда экстремизм жана терроризмге айыпталып 500дөн ашуун киши соттолгон. Бул тууралуу маалымат жыйында Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, экстремизм менен террорчулукка айыпталгандар башка соттолуучулардан өзүнчө кармалат.

«Соттолгондордун арасында шарттуу түрдө кармалгандар, жазасын жатак-абактарда өтөгөндөр бар. Үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмалангандар контракт боюнча иштеп, жатак-абактарга келип катталып турушат», — деди Таалайбек Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар