22:22
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Украинадагы согушка катышкандыгы үчүн соттолгон кыргыз Орусиядан жардам сурады

Кыргыз жараны Аскар Кубанычбек уулу Орусиядан жардам сурап, ага жарандык берүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу ал Russia Today медиасына берген маегинде билдирди.

Аскар Кубанычбек уулу Орусиянын жарандыгын сурайт. Анын айтымында, кыргыз бийлиги аны сотто менен бирге өз жарандарынын орус аскерлеринин катарында согушка катышуусуна каршы экендигин көрсөткүсү келет.

«Мен 10 жылга соттолдум. Учурда тергөө абагында олтурам. Орусиядан мага паспорт берип, үй-бүлө менен болууга уруксат берүүсүн суранам», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Аскар Кубанычбек уулу жыл башында кармалып, чет өлкөдө аскердик чыр-чатакка катышкандыгы үчүн соттолгон. Кыргыз мыйзамдары жарандарга чет өлкөдөгү куралдуу конфликттерге тартылууга жол бербейт.

Эң көп окулган жаңылыктар