02:35
USD 68.81
EUR 80.45
RUB 1.04

Кыргызстандын айрым социалдык мекемелеринде суу жок

Кыргызстандын айрым социалдык мекемелеринде суу жок, ал эми жабдыктар эскирип калган. Бул тууралуу тегерек столдо глобалдуу өзгөрүү фондунун директору Нурия Темирова билдирди.

Өкмөттүк эмес уюмдар социалдык кызматтардын кардарларына көрсөтүлүп жаткан тейлөө кызматынын сапатына жалпы байкоо жүргүзүштү.

«Социалдык стационардык мекемелер талапка жооп берет деп айтууга болбойт. Айрымдарында суу жок, жуунучу кабиналар жок. Мончого баруу үчүн атайын бир күндү тандашат. Медициналык жабдыктары 1970-жылы алынганына карабастан иштеп жатыптыр», — деди Нурия Темирова.

Эң көп окулган жаңылыктар