04:05
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

КМШда Орусиядан которулган акчанын көлөмү боюнча Өзбекстан алдыда

Орусиядан которулган акчанын көлөмү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан биринчи орунда турат. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук банкы кабарлады.

2018-жылдын биринчи кварталында жеке адамдар тарабынан Орусиядан Өзбекстанга 726 миллион АКШ доллары которулган.

Маалыматтарга караганда, Тажикстанга 487 миллион, Кыргызстанга 434 миллион, Арменияга 209 миллион, Азербайжанга 191 миллион, Украинага 158 миллион, Казакстанга 143 миллион, Молдовага 109 миллион жана Беларуска 73 миллион доллар которулган.

Түркмөнстанга болсо Орусиядан болгону 200 миң гана доллар жөнөтүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар