Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналып шам жагылат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Ветерандар 365» коомдук фондунун координатору Зинаида Аликулова билдирди.
Маалыматка караганда, ыктыярчылар 1 миң 418 шамды колдонуп «Биздин эсибизде» деп жазышат. Эске салсак, каардуу согуш 1 миң 418 күнгө созулган.
«Жыл сайын көптөгөн өлкөлөрдө эл аралык акция салттуу түрдө өткөрүлүп келет. Биздин фонд 3-жолу уюштуруп жатат», — деди ал.
Кошумчалай кетсек, аталган акция 21-июнда өтөт.