02:11
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Дональд Трамп: АКШ «мигранттардын лагери» болбойт

АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар «мигранттардын лагери» болбой турганын айтып, демократтарды иммирациялык мыйзам иштеп чыгууда администрация менен кызматташууну каалабайт деп айыптады.

18-июнда Улуттук космикалык кеңештин Ак үйдөгү жыйынында сүйлөгөн Дональд Трамп анын миграциялык саясатына байланыштуу дарегине айтылган кескин сындар боюнча өз пикирин билдирди. Президенттин айтымында, АКШ качкындарды багуучу мамлекет болбойт. Трамп өлкөгө — сиңирген эмгектерге негизделген иммиграциялык система керек экенин дагы бир жолу белгиледи.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад аль-Хуссейн балдарды кысымга алуу аркылуу миграцияны азайтуу аракетин «чектен чыгуу» деп атады.

Бул маселе боюнча АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп дагы өз пикирин билдирди:

«Трамп айым балдардын үй-бүлөсүнөн ажыратылып жатканын жүрөгү сыздап көрүүдө жана эки тарап тең ийгиликтүү иммиграциялык реформа жасоо үчүн өз аракеттерин бириктире алат деп ишенүүдө», — деп билдирди жекшембиде анын басма сөз кызматы.

Эң көп окулган жаңылыктар