22:48
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Стамбулдун аба майданынан дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык кыз табылды

Стамбулдун «Ата-Түрк» аба майданынын аймагынан дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык кыз табылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, дайынсыз болуп жаткан кыз 15-июнда Анкара шаарындагы ооруканалардын биринен табылганын Түркиядагы элчилик тастыктады. Ошондой эле, кыздын банктагы акчасын атасы өзү алгандыгы маалым болду.

 15-июнда кыз Элчиликтин кызматкерлери жана бир тууганынын коштоосунда Анкаранын аэропортуна жеткирилип, ошол эле күнү Бишкек шаарына аман-эсен учуп келген.

Эске салсак, Нургиза Кулмамбетова Торонто-Стамбул-Бишкек каттамы менен учуп келе жатып Стамбулдун аба майданынын аймагынан дайынсыз болуп, аны издөөгө алышкан. 

Эң көп окулган жаңылыктар