08:17
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Премьер-министр Баткен облусун кыдырат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки күндүк жумушчу сапары менен Баткен облусуна барат. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, өкмөт башчы сел жүргөн Лейлек районунун Чимген жана Катран айылдарына, Баткен районунун Кара-Бак айылына барат. Ошондой эле турак үйлөрдүн жана көпүрөлөрдүн абалы менен таанышат.

Мындан тышкары Премьер-министр Исфана-Кайрагач унаа жолунун Сүлүктү шаарындагы Кызыл-Бел тилкесинин жана Кулунду-Батыш тилкесиндеги көпүрөнүн курулушунун абалы менен таанышып чыгат.

Эң көп окулган жаңылыктар