Жогорку Сот экс-депутат Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды.
Өкүмдү угузгандан кийин Садыр Жапаровдун кичүү иниси сотторго карай жулунду, бирок соттор залдан чыгып кетүүгө араң үлгүрүштү.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы Каракол шаарында «Кумтөр» боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.