Бишкек шаардык сотунда Токмок шаарынын мурунку мэри Канатбек Исаев акыркы сөзүн айтты.
«Мамлекеттик айыптоолордон кийин прокурорлор сотто келтирилген далилдерге маани бербей тургандыктары ачык-айкын болуп калды. Алар биринчи инстанциянын чечимин колдошууда», — деди соттолуучу.
Канат Исаев тергөөчү туура эмес тергегенин айтып нааразычылыгын билдирди. Айтымында, жаңы унаа станциясынын курулушу мурунку мэрдин чечими менен жүргөн. Ал эми соода борбору курулган аймак коомдук жер эмес болчу.
«Кимдир-бирөөнү жемкорлукка айыптоо үчүн чыгым келтириш керек. Тергөөчү курулган объекттин баасын териштирүүдө 2016-жылдагы бааны көрсөтпөй, 2008-жылкы бааны көрсөтүп жатат. Ошондой эле келтирилген чыгымдын суммасын дагы айтышпайт», — деди Канатбек Исаев.
Андан соң ал акыркы сөзүндө күнөөлүү эмес экенин аныктай алганын жана соттон акыйкат чечим чыгарууну өтүндү.
Эске салсак, Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канатбек Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда «пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган» деп 12 жылга эркинен ажыраткан.