21:19
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өндүрүш Токтонасыров казакстандык блогерди колдоп пикетке чыкты

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров казакстандык блогер Муратбек Тунгишбаевди коңшу өлкөгө өткөрүп бербөө талабы менен пикетке чыкты. Ал ак майка кийип Жогорку соттун алдына барды. 

«Ак майка Мурат Тунгишбаевди кыргыздар калкалап калышыбыз керек дегенди билдирет. Демократия менен адамдын укугу-булар универсалдуу баалуулуктар. Бул Кыргызстанга дагы чет элдиктерге дагы таандык. Айрыкча бизге башпаанек сурап келгендерге да тиешелүү. Эгерде биз блогерди өткөрүп берсек, башка өлкөдөн куугунтук алгандар Кыргызстандан коргоо издебейт», — деди Өндүрүш Токтонасыров.

Эске салсак, Казакстандык блогер Мурат Тунгишбаев бозгун саясатчы, оппозиционер Мухтар Аблязов менен байланыштыгы бар жана ал «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын колдойт деп айыпталууда. Эгерде кыргыз бийлиги аны Казакстанга өткөрүп берсе, анда анын мүлкү конфискацияланып, өзү 7 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума